Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 28-июлу № 338-б
Кыргыз Республикасында өздүк электрондук (биометрикалык) улуттук күбөлүктү өз убагында киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында өздүк электрондук улуттук күбөлүк системасын киргизүү долбоору боюнча макулдашууну чогуу түзүүчү Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын Элчилигинин нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жооп нотасынын англис тилиндеги долбоору (орус тилиндеги расмий эмес котормо) принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын Элчилигинин дарегине жооп нотаны жиберсин.
3. Кыргыз Республикасында өздүк электрондук улуттук күбөлүк системасын киргизүү долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жооптуу аткаруучу катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы аныкталсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |