Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 10-июну № 257-б
1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кара-Суу шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору;
- Европа союзунун Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFСА) каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагында Кыргыз Республикасынын жана Кара-Суу шаарынын мэриясынын жана "Кара-Суу Таза-Суу" муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин,
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кара-Суу шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча грант-элементти эсептөөдө ушул долбоордун алкагында тартылган инвестицияларды эске алсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |