Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 10-июну № 255-б
1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору;
- Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо максатында Борбордук Азиянын өлкөлөрү үчүн Инвестициялык фонддун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагындагы Кыргыз Республикасынын жана Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын жана "Чолпон-Ата "Сууканалы" муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча грант-элементти эсептөөдө ушул долбоордун алкагында тартылган инвестицияларды эске алсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |