Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 29-декабры № 577-б
"Шаар көчөлөрүн жарыктандыруу" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Бишкек шаарынын мэрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Тиркеме
"Шаар көчөлөрүн жарыктандыруу" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Ибраимов А.С. | - | Бишкек шаарынын мэри, расмий делегациянын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Байгончоков М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, расмий делегациянын башчысынын орун басары. |
Расмий делегациянын мүчөлөрү: | ||
Раимкулов Б.К. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Баатырбеков А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Назаров А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Сазбаков А.З. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Усубалиев А.А. | - | Бишкек шаарынын мэриясынын Өнүктүрүү агенттигинин директору (макулдашуу боюнча); |
Мурзаев К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын начальниги; |
Кочконов К.М. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин интеграциялык бирикмелер департаментинин кеңешчиси; |
Чолпонкулов М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин электр энергетика башкармалыгынын начальниги; |
Султанов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салыктык мыйзамдар боюнча методология башкармалыгынын начальниги; |
Ниязалиев З.У. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы төлөмдөрү башкармалыгынын начальниги. |