РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 571-б «Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Мамлекеттик жалпы билим берүү мектептеринин курулушун каржылоо жөнүндө кредиттик макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) долбоору жактыруу жөнүндө» буйругу

Редакция27.12.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 27-декабры № 571-б

1. Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Мамлекеттик жалпы билим берүү мектептеринин курулушун каржылоо жөнүндө кредиттик макулдашуунун расмий тилде тиркелген (расмий эмес котормо) долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Кредиттик макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков