Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 30-декабры № 581-б
Кыргыз Республикасындагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык стационардык мекемелерине гуманитардык жардам көрсөтүү, Азербайжан Республикасынан гуманитардык жардам катары келген азык-түлүктөрдү өз убагында колдонуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азербайжан Республикасынан гуманитардык жардам катары келген 3160 килограмм ун жана 6050 литр өсүмдүк майы түрүндөгү азык-түлүктү Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык стационардык мекемелерине өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирдикте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган азык-түлүктү Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык стационардык мекемелерине бөлүштүрсүн;
- жасалган иштердин жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте маалымдасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |