Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 30-августу № 558
Залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Уюштуруу комитети бир жумалык мөөнөттө залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча планды иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Мааракелик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин каражаттарынын, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржылансын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
Залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча УЮШТУРУУ КОМИТЕТИ
Кызмат орду боюнча:
Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
"Кыргыз Республикасынын Улуттук чыгармачыл жазуучулар союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
"ЭлТР" мамлекеттик телерадио берүү компаниясынын башкы директору.
Жекече: | ||
Ибраев Саматбек Кулукеевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Солтонгельдиева Сабира Самидиновна | - | Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы (макулдашуу боюнча); |
Рыскулова Айгүл Маратбековна | - | мамлекеттик жана коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Исаков Рысбай | - | манасчы (макулдашуу боюнча). |
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ