КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 13-ноябры № 400-б
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун (Экономикалык башкаруу чөйрөсүндөгү өнүктүрүү саясатын каржылоо) расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Абылгазиев |