Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-февралындагы № 17-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-октябры № 463
Кыргыз Республикасында "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун транспорттук-логистикалык борборун өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун транспорттук-логистикалык борборун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасында "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун транспорттук-логистикалык борборун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Премьер-министр |
| Дж.Оторбаев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасында "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун транспорттук-логистикалык борборун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
Диль Валерий Исидорович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы; |
Султанов Калыкбек Иманалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; |
Сариев Темирбек Аргембаевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; |
Ибраимов Албек Сабырбекович | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Координациялык кеңештин мүчөлөрү: | ||
Джолдошова Жылдызкан Айтибаевна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-Журт" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Кулов Феликс Шаршенбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ар-Намыс" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Турсунбеков Чыныбай Акунович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "КСДП" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Сабиров Максат Эсенович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Текебаев Омурбек Черкешович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата Мекен" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Исаев Жусупали Калматович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Иманалиев Каныбек Капашович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Самаков Карганбек Садыкович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Ахметова Нурсулу Меирбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Исаков Сапар Жумакадырович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри; |
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; |
Орозов Таалайбек Саратанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Чуйков Николай Алексеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Ирсалиев Дуйшен Исмаилович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы; |
Исаков Эркин Абдыкасыевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору; |
Рахманов Улукбек Айтбаевич | - | "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; |
Бектурганов Жолдош Токторбаевич | - | "Эйр Кыргызстан" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча). |