Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 11-февралы № 15-б
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы каржылаган "Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруштуулукту жогорулатуу" долбоорун натыйжалуу жана өз убагында ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруштуулукту жогорулатуу" долбоорун башкаруу боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
"Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруштуулукту жогорулатуу" долбоорун башкаруу боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
"Финансы-экономикалык блокту тейлөөчү Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы;";
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча).
2-тиркеме
"Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруштуулукту жогорулатуу" долбоорун башкаруу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруштуулукту жогорулатуу" долбоорун башкаруу боюнча Координациялык кеңештин (мындан ары - Координациялык кеңеш) ишинин максатын, ыйгарым укуктарын, укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Ушул Жобо Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан каржылануучу "Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруштуулукту жогорулатуу" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) милдеттерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
3. Координациялык кеңеш Долбоорду ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардын ишин натыйжалуу координациялоого жана Долбоорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзгөн консультациялык-кеңешмелик орган болуп саналат.
4. Координациялык кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Координациялык кеңештин иши акысыз негизде жүргүзүлөт.
2. Координациялык кеңештин ыйгарым укуктары
6. Координациялык кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- Долбоорду натыйжалуу координациялоо жана башкаруу;
- Долбоорду ишке ашыруунун мониторингин жүргүзүү;
- Долбоорду ишке ашырууга тартылган тараптардын өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо;
- Долбоордун алкагында тандалган мектептерге таасир берүүнүн түрүн (реконструкциялоо же жаңы куруу) аныктоо тартибин кабыл алуу;
- Долбоордун түзүмүн өзгөртүү зарыл болгон учурларда Долбоордун каражаттарын анын компоненттеринин ортосунда кайра бөлүштүрүү жөнүндө чечимди карап чыгуу жана бекитүү;
- Долбоордун финансылык каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө ар жылдык отчетторду карап чыгуу жана бекитүү;
- Долбоордун финансылык каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө ар жылдык отчетторду карап чыгуу жана бекитүү;
- Долбоордун финансылык каражаттарын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланышын контролдоо.
3. Координациялык кеңештин курамы жана анын ишин уюштуруу
7. Координациялык кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
8. Координациялык кеңештин төрагасы болуп финансы-экономикалык блоктун маселелерин тейлөөчү Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри саналат".Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары болуп өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси эсептелет.
9. Координациялык кеңештин жыйынын төрага, ал жок болгон учурда төраганын орун басары алып барат.
10. Координациялык кеңеш өзүнүн ишин жыйындарды өткөрүү түрүндө жүзөгө ашырат. Координациялык кеңештин жыйындары зарылчылыкка жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
11. Координациялык кеңештин жыйыны анын 2/3 мүчөлөрү жыйынга катышкан учурда ыйгарым укуктуу болуп саналат.
12. Координациялык кеңештин чечимдери кворум болгондо жыйынга катышкан Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Добуштар тең бөлүнгөндө төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
13. Координациялык кеңештин чечими протокол менен таризделет, төраганын же Координациялык кеңештин жыйынында төрагалык кылган адамдын колу коюлат жана Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жиберилет.
14. Координациялык кеңештин жумушчу органы - катчылыктын функцияларын өзгөчө кырдаал чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
Катчылык Координациялык кеңештин жыйындарын уюштурууну жана чечимдерин протоколдук тариздөөнү камсыздайт.
15. Координациялык кеңештин жыйындарынын ишине жооптуу кызматкерлер жана Долбоордун компоненттеринин техникалык адистери тартылышы мүмкүн.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 11-февралы № 15-б
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы № 105-б буйругунун, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 227-т тескемесинин редакцияларына ылайык)
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы каржылаган "Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруштуулукту жогорулатуу" долбоорун натыйжалуу жана өз убагында ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруштуулукту жогорулатуу" долбоорун башкаруу боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
"Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруштуулукту жогорулатуу" долбоорун башкаруу боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 227-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын финансы министри, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
"Мамлекеттик камсыздоо уюму" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча).