Редакцияот 19.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 19-февралы № 21-б

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2006-жылдын 25-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондун түзүү жөнүндө келишим менен бекитилген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун Уставына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун Башкармасында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жана Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун Аткаруучу дирекциясына ушул буйруктун 1-пунктунда аталган дайындоо жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 134-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев