Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 28-январы № 7-б
2011-2015-жылдарга расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенцияны аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын сегизинчи, тогузунчу жана онунчу бириктирилген мезгилдүү баяндамаларынын жыйынтыгы менен Расалык басмырлоонун түрлөрүн жоюу боюнча комитеттин 2018-жылдын 24-25-апрелинде Бириккен Улуттар Уюмунун Өкүлчүлүгүндө, Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарында өткөн 95-сессиясынын жүрүшүндөгү сунуштамаларын ишке ашыруу максатында:
1. 2011-2015-жылдарга расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенцияны аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын сегизинчи, тогузунчу жана онунчу бириктирилген мезгилдүү баяндамаларынын жыйынтыгы менен Расалык басмырлоонун түрлөрүн жоюу боюнча комитеттин сунуштамаларын ишке ашыруу боюнча 2019-2022-жылдарга ведомстволор аралык иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- жыл сайын, жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 10-февралынан кечиктирбей Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин катчылыгына маалымат беришсин.
Премьер-министр |
| М. Д. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
2011-2015-жылдарга расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенцияны аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын сегизинчи, тогузунчу жана онунчу бириктирилген мезгилдүү баяндамаларынын жыйынтыгы менен Расалык басмырлоонун түрлөрүн жоюу боюнча комитеттин сунуштамаларын ишке ашыруу боюнча 2019-2022-жылдарга ведомстволор аралык ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№№ | Милдеттер жана чакырыктар | Чаралар/Аракеттер | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоо булагы | Аткаруучулар/жооптуу ведомстволор |
1 (4 жана 5-пп.) | Комитет улуттук соттордо расалык басмырлоо учурларына Конвенциянын жоболору айтылган же колдонулган мисалдардын жоктугуна өзүнүн тынчсыздануусун билдирет (1-берене) | БУУнун расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча конвенциясынын жоболоруна ылайык соттор, прокурорлор жана адвокаттар даярдыктан өткөрүлсүн | 2019-жыл | Республикалык бюджет | ЖС (макулдашуу боюнча), БП (макулдашуу боюнча), ЮМ |
2 (6 жана 7-пп.) | Комитет Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы мурдагыдай эле адам укуктарын колдоо жана коргоо боюнча улуттук мекемелердин статусуна тиешелүү (Париж принциптерин) принциптерди сактабагандыгына тынчсызданат | КР Жогорку Кеңешине (анын ичинде профилдик комитеттерине) "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын тез арада экинчи жана үчүнчү окулуштарда кабыл алуу зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизилсин | Дайыма | Республикалык бюджет | Акыйкатчы (макулдашуу боюнча) |
3 (8 жана 9-пп.) | Комитет жарандык коомдун уюмдарын (ЖКУ), укук коргоочуларды жана журналисттерди, анын-ичинде этностук азчылыктардын абалына байкоо жүргүзүп, алардын иши жөнүндө билдирген адамдарды куугунтуктоо учурларынын өсүп жаткандыгына тынчсызданат, бул алардын ишине касташуу кырдаалын жаратат | Жарандык коомдун өкүлдөрүн, укук коргоочуларды жана журналисттерди коркутуу жана мыйзамсыз куугунтуктоо учурларына жол бербөө боюнча чаралар көрүлсүн | Дайыма | Республикалык бюджет | ЖС (макулдашуу боюнча), БП (макулдашуу боюнча), МУКК,ИИМ, ММТМ, ЭККМК |
4 (10, 11 жана 12-пп.) | Комитет жалпы басмырлоого каршы мыйзамдардын жана расалык басмырлоого тыюу салуучу кайсы болбосун жоболордун туруктуу жоктугуна тынчсызданат (1 жана 4-беренелер) | БУУнун расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча конвенциясынын жоболоруна жана Комитеттин № 1 (1972-ж.), № 7 (1985-ж.) жана № 15 (1993-ж.) жалпы сунуштарына ылайык мыйзамдарды өзгөртүү же расалык басмырлоо менен күрөшүү жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгуу зарылдыгын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талдоо үчүн жумушчу топтун курамы бекитилсин | 2019-2020 жылдар | Республикалык бюджет | АУККнын катчылыгы |
5 (13 жана 14-пп.) | Комитет Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин Коомдук кабылдамасына расалык же этностук басмырлоолорго карата келип түшкөн даттануулардын чектелүү санына, маалыматтын же элдин мамлекеттик мекемелерге ишениминин жоктугунан улам билдирүүлөр жана катышуучу мамлекет тарабынан берилген маалыматтар боюнча акыркы жылдары полицияга түшкөн даттануулардын бири да расалык жана этностук басмырлоого байланыштуу эместиги менен тынчсызданат (4 жана 6-беренелер) | Этностук жамааттын өкүлдөрүнүн сот адилеттигине жетүүсүн жеңилдетүү боюнча чара көрүлсүн жана калк юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүктөрү жана укуктук жардамдын бардык жеткиликтүү каражаттары жөнүндө кеңири маалымдалсын. Жабырлануучуларды жашы, жынысы, этникалык теги боюнча бөлүштүрүп, расалык басмырлоого даттануулардын саны, изилдөөлөр, соттук куугунтуктоолор жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматты талаптагыдай эсепке алуу камсыздалсын | Дайыма | Республикалык бюджет | ЭСӨМ, ССМ, ИИМ, ЖАМК |
6 (15 жана 16-пп.) | Комитет катышуучу мамлекеттин сексуалдык багыт жана гендердик бирдейлик белгилери менен басмырлоого каршы күрөшүү боюнча жасаган кадамдарына карабастан, этностук азчылыкка тиешелүү болгон адамдар лесбиянкалар, гейлер, бисексексуалдар жана трансгендерлер (ЛГБТ) мамлекет жана мамлекеттик эмес субъекттер тарабынан басмырлоонун көптөгөн түрлөрүнө дуушар болгондугуна, бул жазасыз калып жаткандыгына жана этностук азчылыкка таандык аялдар жана балдар, жынысынын, расасынын, этностук тегинин жана жашынын белгилери боюнча басмырлоонун кайчылашкан түрлөрүнө, ошондой эле эрте никеге туруу жана көп аял алуу сыяктуу зыяндуу тажрыйбалардын болушуна байланыштуу тынчсызданат (5-берене) | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иш-аракеттерди жүргүзгөн ЛГБТ, ошондой эле этностук коомчулукка таандык аялдар жана балдар кабылышкан басмырлоонун түрдүү формаларына каршы күрөшүү боюнча мыйзам чегинде чаралар көрүлсүн | Дайыма | Республикалык бюджет | ЭСӨМ, ССМ, ИИМ, ЖАМК |
7 (17 жана 18-пп.) | Комитет стереотиптердин жайылышына жана этностук азчылыктын, анын ичинде өзбектердин, түрктөрдүн, уйгурлардын жана мугаттардын стигматизияланышына, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында, коомдук жана саясий ишмерлердин аларга каршы айтылган жек көрүүчү сөздөрүнүн жайылышы менен тынчсызданат. Комитет укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан коомчулукту, анын ичинде өзбектерди этностук профилдөөгө байланыштуу тынчсызданат (2-4-беренелер) | Жалпыга маалымдоо каражаттарында жек көрүүгө түрткү берүү менен байланышкан, анын ичинде коомдук жана саясий ишмерлер тарабынан айтылган расисттик сөздөрдү жана инциденттерди болтурбоо үчүн зарыл болгон чаралар көрүлсүн жана мындай окуяларды, зарылдыгына жараша тиешелүү санкцияларды колдонуу менен кылдат иликтөө камсыздалсын. | Дайыма | Республикалык бюджет | БП (макулдашуу боюнча), ИИМ, БИМ, ММТМ, УКМК, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖС (макулдашуу боюнча) |
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери, анын ичинде милиция кызматкерлери, прокурорлор жана сот органдары үчүн расалык басмырлоо, анын ичинде расалык профилдөө боюнча окуу программалары, ошондой эле расисттик инциденттерди, жек көрүүнүн негизиндеги кылмыштарды жана жек көрүүнү тутандыруу учурларын аныктоонун, каттоонун, кылмыштык куугунтуктоонун тиешелүү методдору иштелип чыксын | 2019-жыл |
|
| ||
8 (19 жана 20-пп.) | Комитет Мамлекеттин улуттук бирдейликти түзүүгө багытталган, бирок бардык этностук топторду камтыбаган мамлекеттик концепциясынын мурдагы чыр-чатактарды жандандыруу тенденциясына ээ болгондугуна байланыштуу тынчсызданат. Улуттук бирдейлик эң оболу өлкөдөгү бардык жамааттарды таанууга негизделиши керек. Мындан сырткары, Комитет Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикте этностук азчылыктардын өкүлчүлүгү жетишсиз экендиги жана агенттиктин натыйжасыздыгы жөнүндө билдирүүлөргө тынчсызданат | Мамлекеттик концепцияны иштеп чыгууга, ишке ашырууга жана баалоого бардык кызыкдар болгон этностук топторду жана жарандык коомдун уюмдарын, айрыкча расалык басмырлоону жоюу менен иштегендерди натыйжалуу катыштыруу камсыздалсын. | 2019-2020-жылдар | Республикалык бюджет | Министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБ жана этностор агенттиги |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында агенттикте этностук азчылыктардын өкүлчүлүгүнүн болушун камсыздоо үчүн чара көрсүн | 2019-2020-жылдар |
|
| ||
9 (21 жана 22-пп.) | Комитет 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү этностук зомбулуктардын убагында жана андан кийинки адам укуктарынын бузууларына жүргүзүлгөн териштирүүлөрдүн натыйжасыз болгондугуна жана этностук бир жактуулукка байлангандыгына жана адилеттүү соттук териштирүүлөрдүн, соттук коргоонун талаптагыдай кепилдиктеринин жоктугуна тынчсызданат | 2010-жылдын июнунда Кыргыз Республикасынын түштүгүндө орун алган окуяларга байланыштуу кылмыш иштеринин алкагында бардык материалдарга, жана кылмыш иштери боюнча арыздарга жана адам укуктарын бузуу, анын ичинде кыйноолор жана ырайымсыз мамилелер жөнүндө билдирүүлөргө инвентаризация жана мониторинг жүргүзүлсүн | 2019-жыл | Республикалык бюджет | БП (макулдашуу боюнча), ИИМ, УКМК, ЖАМК ЖС (макулдашуу боюнча) |
10 (23 жана 24-пп.) | Комитет катышуучу мамлекеттеги айрым этностук топтордун экономикалык жана социалдык укуктарын ишке ашыруу деңгээлинин төмөн экендигине тынчсызданат | Экономикалык жана социалдык укуктарын ишке ашырууда этностук топтордун ортосундагы айырмачылыктарды жоюу үчүн натыйжалуу чаралар, анын ичинде атайын чаралар көрүлсүн. Мында мугат жана өзбек этностук азчылыктардын абалына өзгөчө көңүл бурулсун | Дайыма | Республикалык бюджет | ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБО, ЖС (макулдашуу боюнча), ИИМ, БИМ |
11 (25 жана 26-пп.) | Комитет катышуучу мамлекет 2015-жылы парламенттеги жана жергиликтүү башкаруу органдарындагы этностук азчылыктын өкүлчүлүгүн жакшыртуу үчүн квота системасын киргизгендигин белгилейт. Ошол эле учурда этностук азчылыктар, айрыкча өзбектер, мурдагыдай эле саясий жана коомдук турмуштун көптөгөн тармактарында, анын ичинде калктын көпчүлүгүн өзбектер түзгөн региондордогу жергиликтүү кеңештерде аз экендигине тынчсызданат. Мындан сырткары, этностук азчылыктын өкүлчүлүгү милицияда, коопсуздук күчтөрүндө, ошондой эле сот органдарында өтө эле аз санда (2 жана 5-беренелер) | Коомдук жана саясий деңгээлде этностук азчылыктардын өкүлчүлүгүн көбөйтүү боюнча мүмкүн болгон чаралар көрүлсүн | 2019-жыл | Республикалык бюджет | БШК (макулдашуу боюнча), ЖС (макулдашуу боюнча), ИИМ, ЖАМК, МУКК, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
12 (27 жана 28-пп.) | Комитет мектептердеги өзбек тилди окутуунун бир кыйла кыскарышына жана бул тилде окутуу үчүн зарыл болгон техникалык жана адам ресурстары менен камсыздоонун канааттандырарлык эместигине тынчсызданат. Мындан сырткары, Комитет 2015-жылы университетке өтүүдө өзбек тили боюнча экзамендин алып салынышы жарым-жартылай бул тилде окуган балдарды басмырлоого алып келишине тынчсызданат (5-берене) | Жогорку билим алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында: а) көп тилдүү билим берүүнүн алкагында эне тилинде жана мамлекеттик тилде окутуу: - 10-11-класстын окуучуларынын тил көндүмдөрүн өнүктүрүү; - эне тилиндеги китептерди басып чыгаруу; - окуучулардын жана жалпыга билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин интернет ресурстарын колдонууну кеңейтүү үчүн электрондук китепканаларды пайдалануу; - эне тил мугалимдери үчүн квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүү, анын ичинде дистанциялык окутуу методу менен; б) жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарын жакшыртуу үчүн 10-11-класстардын окуучуларына шарттарды түзүү; - окуу куралдарын иштеп чыгуу; - мугалимдер жана окуучулар үчүн окуу курстарын уюштуруу; - жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн босого чегинен өткөн окуучулардын санын жогорулатуу; в) пилоттук жогорку окуу жайларында көп тилдүү билим берүү боюнча педагогикалык кадрларды даярдоо | 2019-жыл | Республикалык бюджет | ББИМ |
13 (29 жана 30-пп.) | Комитет катышуучу мамлекеттеги жарандыгы жок адамдардын санын кыскартуу үчүн көрүлгөн чараларды белгилөө менен, мурдагыдай эле 800дөн ашык адамдын жарандыгы аныктала электигине тынчсызданат. Комитет жарандыктан ажыратуунун колдонуудагы жол-жоболору эл аралык стандарттарга жооп бербегендигине жана Жарандык жөнүндө Мыйзамдын долбооруна киргизилген жарандыктан ажыратуу жөнүндө жободо мажбурлап чыгаруудан коргоо кепилдигинин жоктугуна, ошондой эле Тышкы миграция жөнүндө Мыйзамдын өзгөртүлгөн жоболоруна ылайык адам мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн бир нече жолу күнөөлүү деп таанылса, соттун токтому жок эле күчкө салып чыгарыла тургандыгына тынчсызданат (5-берене) | Апатрид учурларын чечүү иштери күчөтүлсүн. Апатрид учурларын чечүү боюнча аракеттер активдештирилсин: Жарандык жөнүндө Мыйзамга түзөтүүлөр киргизилсин, аталган түзөтүүлөр жарандыктан ажыратылган учурларда жарандыгы жокко каршы кепилдиктерди камтыйт жана талаптагыдай соттук териштирүүлөргө кепилдикти, анын ичинде жарандыктан ажыратуу жөнүндө чечимге даттануу мүмкүндүгүн караштырат; жаран эмес адамды юрисдикциядан чыгарууда расасы, өңү, этностук же улуттук теги боюнча басмырлоого жол бербөөнү камсыздоо жана жаран эмес адамдарды чыгарып салууда бирдей коргоого алуу үчүн Тышкы миграция жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилсин; Апатрид статусу жөнүндө 1954-жылдын Конвенциясына жана Жарандыгы жокторду кыскартуу жөнүндө 1961-жылдын Конвенциясына кошулуу тууралуу маселе каралсын | 2019-жыл | Республикалык бюджет | ММК,МКК |
14 (31-п.) | Комитет адам укуктарынын бөлүнбөстүгүн эске алуу менен катышуучу мамлекетти адам укугу жаатындагы эл аралык келишимдерди, атап айтканда расалык басмырлоого кабылышы мүмкүн болгон жамааттарга түздөн-түз тиешелүү болгон жоболору бар келишимдерди, анын ичинде Майыптардын укугу жөнүндө эл аралык конвенцияны жана Бардык адамдарды зомбулуктуу жоголуудан сактоо боюнча эл аралык конвенцияны ратификациялоо жөнүндө маселени карап чыгууга көптөн-көп чакырат | Адам укугу жаатындагы бул эл аралык келишимдерди, атап айтканда, расалык басмырлоого кабылышы мүмкүн болгон жамааттарга түздөн-түз тиешелүү болгон жоболору бар келишимдерди анын ичинде Майыптардын укугу жөнүндө эл аралык конвенцияны жана Бардык адамдарды зомбулуктуу жоголуудан сактоо боюнча эл аралык конвенцияны ратификациялоо жөнүндө маселе каралсын | 2019-2020-жылдар | Республикалык бюджет | АУКК катчылыгы, ЭСӨМ, ИИМ, УКМК, ТИМ |
15 (32-п.) | Комитет Дурбан процессине сереп салуу конференциясынын жыйынтыктары боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө № 33 (2009-ж.) жалпы сунуштаманын негизинде катышуучу мамлекеттен 2009-жылдын апрелинде Женевада өткөн конференциянын Дурбан процессинин жыйынтыкталган документтерин эске алуу менен 2001-жылдын сентябрь айында расизмге, расалык басмырлоого, ксенофобияга жана алар менен байланышкан келишпестикке каршы күрөшүү боюнча Бүткүл дүйнөлүк конференцияда кабыл алынган Дурбан декларациясын жана Иш-аракеттер программасын киргизүүнү сунуштайт. Комитет катышуучу мамлекеттен өзүнүн келерки мезгилдүү баяндамасына Дурбан декларациясын жана Иш-аракеттер программасын улуттук деңгээлде ишке ашыруу үчүн кабыл алынган иш-аракеттер планы жана көрүлгөн башка чаралар жөнүндө конкреттүү маалыматты киргизүүнү өтүнөт | Дурбан декларациясын жана Иш-аракеттер программасын улуттук деңгээлде ишке ашыруу үчүн аракеттердин планын жана башка чараларды иштеп чыгуу мүмкүндүгү каралсын | 2019-2020-жылдар | Республикалык бюджет | АУКК катчылыгы, Акыйкатчы (макулдашуу боюнча), ЖӨБ жана этностор агенттиги |
16 (33-п.) | Комитет Башкы Ассамблеянын 68/237 резолюциясынын негизинде катышуучу мамлекеттен өзүнүн келерки мезгилдүү баяндамасына Комитеттин № 34 (2011-ж.) африкалык тектүү адамдарга карата расалык басмырлоо жөнүндө жалпы сунуштарын эске алуу менен Африкалык тектүү адамдардын эл аралык он жылдыгынын алкагында көрүлгөн конкреттүү чаралар жөнүндө так маалыматты киргизүүнү өтүнөт | Африкалык тектүү адамдардын эл аралык он жылдыгын өткөрүү боюнча Иш-чаралар программасынын пункттарын аткаруу мүмкүндүгүн изилдеп чыгуу (2015-жылдан тартып 2024-жылга чейин) | 2020-2022-жылдар | Республикалык бюджет | АУКК катчылыгы, Акыйкатчы (макулдашуу боюнча), ЖӨБ жана этностор агенттиги |
17 (34-п.) | Комитет катышуучу мамлекетке келерки мезгилдүү баяндамасын даярдоодо жана айтылган корутунду эскертүүлөргө байланыштуу кийинки ишинде адам укуктарын коргоо маселеси менен алектенген жарандык коомдун уюмдары, атап айтканда расалык басмырлоо менен күрөшүү чөйрөсүндө иштегендер менен консультацияларды жүргүзүүнү жана диалогду активдештирүүнү улантууну сунуштайт | Келерки мезгилдүү баяндаманы даярдоодо жана айтылган корутунду эскертүүлөргө байланыштуу кийинки иште адам укуктарын коргоо маселеси менен иштеген жарандык коомдун уюмдары, атап айтканда расалык басмырлоо менен күрөшүү чөйрөсүндө иштегендер менен консультацияларды жүргүзүү жана диалогду активдештирүү улантылсын | Дайыма | Республикалык бюджет | ИИМ, ЖАМК, ЖӨБ жана этностор агенттиги |
18 (35-п.) | Комитет катышуучу мамлекетти айрым билдирүүлөрдү кабыл алууга жана кароого Комитеттин компетенциясын тааныган Конвенциянын 14-беренесинде каралган факультативдик арызды жасоого чакырат | Расалык басмырлоону жоюу боюнча комитеттин Кыргызстанга каршы жеке даттанууларды кабыл алууга жана кароого уруксатынын максаттуулугу боюнча позицияны иштеп чыгуу (жарандардын БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине даттануулары менен окшоштугу боюнча) | 2019-2020-жылдар | Республикалык бюджет | АУКК катчылыгы, ТИМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги |
19 (36-п.) | Комитет Конвенцияга катышуучу мамлекеттердин 1992-жылдын 15-январындагы он төртүнчү жыйынында кабыл алынган жана Башкы Ассамблеянын 47/111 резолюциясы менен жактырылган Конвенциянын 8 (6)-беренесине түзөтүүнү ратификациялоону сунуштайт | Конвенцияга катышуучу мамлекеттердин 1992-жылдын 15-январындагы он төртүнчү жыйынында кабыл алынган жана Башкы Ассамблеянын 47/111 резолюциясы менен жактырылган Конвенциянын 8 (6)-беренесине түзөтүүнү ратификациялоонун максаттуулугу боюнча позицияны иштеп чыгуу | 2019-2020-жылдар | Республикалык бюджет | АУКК катчылыгы, ТИМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги |
20 (37-п.) | Комитет катышуучу мамлекетке өзүнүн жалпы базалык документин баяндамалардын макулдашылган жетекчи принциптерине, атап айтканда адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерге (HRI/GEN/2/Rev.6, 1-глава) ылайык жаңыртууну сунуштайт. Комитет катышуучу мамлекетке мындай документтер үчүн 42400 сөздүн чегин сактоону сунуштайт (Башкы Ассамблеянын 68/268 резолюциясы) | Баяндамаларды даярдоо баяндамалардын макулдашылган жетекчи принциптерине, атап айтканда адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерге ылайык камсыздалсын, мындай документтер үчүн 42400 сөздүн чеги сакталсын | 2019-жыл | Республикалык бюджет | АУКК катчылыгы, БП (макулдашуу боюнча), ЖС (макулдашуу боюнча), ИИМ, ЖАМК, ЖӨБ жана этностор агенттиги |
21 (38-п.) | Комитет Конвенциянын 9 (1)-беренесине жана жобонун 65-эрежесине ылайык катышуучу мамлекеттен корутунду эскертүүлөр берилгенден кийин бир жылдын ичинде 9 (с), 22 (а) жана 28-пункттарында камтылган сунуштарды колдонуу жөнүндө маалымат берүүнү сурайт | Корутунду эскертүүлөр берилгенден кийин бир жылдын ичинде 9 (с), 22 (а) жана 28-пункттарында камтылган сунуштарды колдонуу жөнүндө маалымат берилсин | 2020-жыл | Республикалык бюджет | ЖС (макулдашуу боюнча), БИМ |
22 (39-п.) | Комитет катышуучу мамлекеттин 11, 24 жана 26-пункттарда камтылган сунуштардын өзгөчө маанисине көңүл буруусун каалайт жана катышуучу мамлекетти өзүнүн кийинки мезгилдүү баяндамасында аларды ишке ашыруу үчүн көрүлгөн конкреттүү чаралар жөнүндө кеңири маалымат берүүгө чакырат | 11, 24 жана 26-пункттарда камтылган сунуштардын өзгөчө маанисине көңүл бурулсун жана кийинки мезгилдүү баяндамада аларды ишке ашыруу үчүн көрүлгөн конкреттүү чаралар жөнүндө кеңири маалымат берилсин | 2018-2022-жылдар | Республикалык бюджет | БШК (макулдашуу боюнча), ЖС (макулдашуу боюнча), БП (макулдашуу боюнча), ИИМ, БИМ, УКМК, ЖАМК, МКК, ЖӨБ жана этностор агенттиги |
23 (40-п.) | Катышуучу мамлекеттин баяндамаларына карата Комитеттин корутунду эскертүүлөрү расмий жана кырдаалга жараша көбүнчө пайдаланган тилде жарыяланышы үчүн Комитет бул баяндамалардын коомчулукка түшүнүгү жеңил жана жеткиликтүү болушун сунуштайт | Кыргыз Республикасынын баяндамаларын жана бул баяндамаларга карата Комитеттин корутунду эскертүүлөрүн расмий жана кырдаалга жараша көбүнчө пайдаланган тилде жарыялоо камсыздалсын | 2022-жыл | Республикалык бюджет | АУКК катчылыгы |
24 (41-п.) | Комитеттин жетимиш биринчи сессиясында (CERD/С/2007/1) кабыл алынган баяндамаларды даярдоонун жетекчи принциптерин жана бул корутунду эскертүүлөрдө көтөрүлгөн бардык маселелерди чечүүнү эске алуу менен Комитет катышуучу мамлекетке өзүнүн бириктирилген он биринчи жана он экинчи мезгилдүү баяндамаларын бирдиктүү документ катары 2022-жылдын 5-октябрына чейин берүүнү сунуштайт Башкы Ассамблеянын 68/268 резолюциясынын жаатында Комитет катышуучу мамлекетти мезгилдүү баяндамалар үчүн 21200 сөздүн чегин сактоого чакырат | Комитеттин жетимиш биринчи сессиясында (CERD/С/2007/1) кабыл алынган баяндамаларды даярдоонун жетекчи принциптерин жана бул корутунду эскертүүлөрдө көтөрүлгөн бардык маселелерди чечүүнү эске алуу менен Комитет катышуучу мамлекетке өзүнүн бириктирилген он биринчи жана он экинчи мезгилдүү баяндамаларын бирдиктүү документ катары 2022-жылдын 5-октябрына чейин берсин жана мезгилдүү баяндамалар үчүн 21200 сөздүн чеги сакталсын | 2022-жылдын 15-августуна чейин | Республикалык бюджет | АУКК катчылыгы, баяндаманы даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЖС | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту |
БШК | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
БП | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
АУКК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы |
ЭККМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат |
ЖАМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
ЖӨБ жана этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик |
ЖӨБО | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ММК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |