Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 5-февралы № 11-б
Ички иштер органдарынын коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштеринин натыйжалуулугун арттыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Сынамык долбоордун алкагында Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгын түзүү боюнча 2019-2020-жылдарга карата иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын аткаруучу болушкан министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик бийлик органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө кынтыксыз аткаруу үчүн баардыгын камтыган чараларды көрүшсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5-күнүнө чейин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Сынамык долбоордун алкагында Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгын түзүү боюнча 2019-2020-жылдарга карата ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралардын аталышы | Индикатор/күтүлүүчү жыйынтыктар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу органдар | Каржылоо булактары |
№ 1 блок. Жалпы уюштуруу-башкаруу иш-чаралары | |||||
1 | Сынамык долбоордун алкагында Бишкек шаарында МККБ түзүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | Токтом кабыл алынды. Коомдук жайларда, автожолдордо жана транспорттордо жасалган кылмыштар, жоруктар жана бузуулар тууралуу билдирүүлөргө ыкчам чара көрүү үчүн шарттар түзүлдү | 2019-жылдын марты | ИИМ | ИИМдин бюджетинин эсебинен |
2 | Сынамык долбоордун алкагында Бишкек ш. МККБ кызматкерлеринин штаттык санын аныктоо үчүн ИИМдин кызматкерлеринин санын аныктай турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | Токтом кабыл алынды. Бишкек ш. Ички иштер башкы башкармасынын МККБ жана ЖКККББ бөлүктөрүн бириктирүүнүн эсебинен МПК штаттык саны аныкталды | 2019-жылдын марты | ИИМ | ИИМдин бюджетинин эсебинен |
3 | МККБ түзүлгөнүнө байланыштуу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | Токтом кабыл алынды. МККБ түзүлгөнүнө байланыштуу ченемдик укуктук актыларга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди | 2019-жылдын марты | ИИМ | ИИМдин бюджетинин эсебинен |
4 | КР ИИМдин МККБ жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоосун уюштуруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө ведомстволук актысын кабыл алуу | КР ИИМдин ведомстволук актысы кабыл алынды. Төмөнкүлөр аныкталды: - МККБ кызматкерлеринин негизги маселелери, укуктары жана милдеттери; - кызмат өтөөнүн (кайгуул жүргүзүүнүн) формасы жана методу; - жарандар (жол кыймылынын катышуучулары) менен иштөөнүн тартиби; - МККБ менен ИИО башка кызматтарынын кезметтеринин ортосундагы өз ара иштетүү методдору; - МККБ кызматкеринин иш милдеттери ж.б. | 2019-жылдын апрели | ИИМ | ИИМдин бюджетинин эсебинен |
5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн МККБ кызматкерлерин сыйлоо жана шыктандыруу механизмдерин караган токтомунун долбоорун демилгелөө | МККБ кызматкерлерин сыйлоо жана шыктандыруу механизмдерин караган токтом кабыл алынды | 2019-жылдын июлу | КР ИИМ, КР ФМ | ИИМдин бюджетинин эсебинен |
6 | МККБда эки жыл бою кызмат өтөө ИИОдо андан ары кызмат өтөө үчүн милдеттүү шарт болуп эсептелээри жөнүндө ченемди караштырган Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун демилгелөө (адистештирилген жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнөн башкалар үчүн) | Мыйзам кабыл алынды. МККБда кызмат өтөөнүн кадыр-баркын жогорулатуу үчүн шарт камсыздалды | 2019-жылдын июлу | ИИМ | ИИМдин бюджетинин эсебинен |
№ 2 блок. МККБ бөлүктөрүнө конкурстук тандап алуу | |||||
7 | КР ИИМдин төмөнкүдөй ведомстволук актысынын долбоорун демилгелөө: - МККБ конкурстук тандап алууну өткөрүү үчүн укуктук базаны даярдоо жөнүндө; - МККБ кызмат өтөө үчүн талапкерлерди тандоо боюнча конкурстук комиссиянын курамын жана конкурстук тандоонун шарттарын бекитүү жөнүндө | КР ИИМдин ведомстволук актысы кабыл алынды. МККБ кызмат өтөө үчүн конкурстук тандоого катышууну каалаган адамдарга карата так квалификациялык талаптар бекитилди, конкурска арыз берүүнүн ачык шарттары белгиленди. Конкурстук комиссиянын курамы бекитилип, МККБ кызматкерлерди тандоо боюнча жарандык коомдун өкүлдөрү киргизилди | 2019-жылдын марты | ИИМ | ИИМдин бюджетинин эсебинен |
8 | Кыргыз Республикасынын жарандарына МККБга конкурстук тандап алуунун шарттары жана мөөнөтү тууралуу маалымдоо | МККБга конкурстук тандап алуу жөнүндө кулактандыруу, билдирүүлөр, конкурстук тандоо өткөрүлөөрү жөнүндө маалыматтар жарыяланды. Жарандарга МККБ кызматка конкурстук тандоо өткөрүлөөрү жөнүндө маалымдоо камсыздалды жана конкурстук тандоонун ачык-айкындыгы камсыздалды | 2019-жылдын марты | ИИМ | ИИМдин бюджетинин эсебинен |
9 | МККБга кызматка конкурстан өтүүчү адамдар үчүн экзамендик тапшырмаларды (тесттерди) иштеп чыгуу | Калыс конкурстук тандоо өткөрүү үчүн материалдар жана шарттар бекитилди | 2019-жылдын марты | Конкурстук комиссия, ББжОМБ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бюджетинин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын чегинде |
10 | Конкурстук тандоо өткөрүү жана Конкурстук комиссия тарабынан МККБга кызмат өтөөгө өткөн адамдардын тизмесин түзүп, талапкерлердин өздүк делолорун ИИМге тапшыруу | Окутууга (кайра окутууга) талапкерлердин тизмеси бекитилди | 2019-жылдын апрели | Конкурстук комиссия, ИИМ, ББжОМБ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде |
№ 3 блок. МККБга кызматка конкурстук тандоодон өткөн адамдарды окутуу (кайра даярдоо) | |||||
11 | Конкурстук тандоодон өткөн адамдарды окутуу (кайра окутуу) боюнча окуу-тематикалык пландарды (программаларды) иштеп чыгуу | ИИМдин ведомстволук актысы кабыл алынды. Конкурстук тандоодон өткөн адамдарды окутуу (кайра окутуу) үчүн жалпы узактыгы 400 саат (12 жума) болгон окуу-тематикалык пландар бекитилди | 2019-жылдын апрели | ИИМ, БИМ | ИИМдин бекитилген бюджетинин чегинде |
12 | Окуу пландарында (программаларда) каралган сабактар боюнча окуу модулдарын иштеп чыгуу | ИИМдин ведомстволук актысы кабыл алынды. Окуу пландарында (программаларда) каралган сабактар боюнча окуу модулдарын бекитүү | 2019-жылдын апрели | ИИМ, БИМ | ИИМдин бекитилген бюджетинин чегинде |
13 | Окутуу (кайра окутуу) үчүн керектүү окуу материалдарын иштеп чыгуу, жабдууларды, техниканы, атайын жана башка каражаттарды даярдоо | ИИМдин ведомстволук актысы кабыл алынды. Атуу, атайын-тактикалык даярдык, атайын техниканы жана байланыш каражаттарын пайдалануу, информациялык технологиялар, автомобилдерди башкаруунун атайын ыкмалары боюнча таратылуучу окуу материалдары бекитилди | 2019-жылдын апрели | ИИМ, БИМ | ИИМдин бекитилген бюджетинин чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн каражат тартуу |
14 | Конкурстук тандоодон өткөн адамдарды окутуу үчүн окутуучуларды даярдоо | ИИМдин ведомстволук актысы кабыл алынды. Конкурстук тандоодон өткөн адамдарды окутууну уюштуруу жана окутуу боюнча окутуучулук курамдын билим деңгээли жана кесиптик чеберчилиги жогорулатылды | 2019-жылдын апрели | ИИМ, БИМ | ИИМдин бекитилген бюджетинин чегинде |
15 | Конкурстук тандоодон өткөн адамдарды окутуу (кайра окутуу) боюнча окуу процессин уюштуруу | ИИМдин ведомстволук актысы кабыл алынды. Конкурстук тандоодон өткөн адамдарды 12 жума (400 саат) окутуунун (кайра окутуунун) тартибин аныктоочу окуу-тематикалык пландар жана окуу программалары бекитилди | 2019-жылдын майы | ИИМ, БИМ | ИИМдин бекитилген бюджетинин чегинде |
16 | Окуу бүткөндөн кийин тестирлөө жүргүзүү | МККБга кызмат өтөө укугун алуу үчүн конкурстук тандоодон өткөн адамдарды тестирлөөнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн эрежесин аткаруу камсыздалды | 2019-жылдын августу | Конкурстук комиссия, ИИМ, БИМ | ИИМдин бекитилген бюджетинин чегинде |
№ 4 блок. Материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздоо | |||||
17 | МККБ кызматкерлери үчүн 520 жеке видеорегистратор алуу | Толук каржылоо. Коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу, чырлуу кырдаалдарда МККБ кызматкерлеринин укуктарын коргоону камсыздоо, эреже бузууларды далилдөө базасын камсыз кылуу | 2019-жылдын июлу | КР ИИМ, КР ФМ | Республикалык бюджеттин эсебинен |
18 | МКК кызматкерлери үчүн 400 асынма радиостанцияны алуу | Толук каржылоо. Коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат өтөөнүн шарттарын жакшыртуу, кылмыштар, жоруктар жана эреже бузуулар жөнүндө маалымат алганда өз убагында чара көрүү | 2019-жылдын июлу | КР ИИМ, КР ФМ | Республикалык бюджеттин эсебинен |
19 | 150 атайын каражатты ("Изделие ПР-73" (желим таяк) алуу | Толук каржылоо. Коомдук тартипти сактоо жагында кызмат өтөөдө МККБ кызматкерлерин коргонуу каражаттары менен камсыздоо | 2019-жылдын июлу | КР ИИМ, КР ФМ | Республикалык бюджеттин эсебинен |
20 | 600 атайын каражатты (кол кишен) алуу | Толук каржылоо. Кармалган эреже бузуучуларды кыймыл эркиндигинен ажыратуу жана аларды жоошутуу үчүн атайын каражаттар (кол кишен) менен камсыздоо | 2019-жылдын июлу | КР ИИМ, КР ФМ | Республикалык бюджеттин эсебинен |
21 | 400 атайын каражатты (электрошокер) алуу | Толук каржылоо. Кол салуудан коргонуу үчүн МККБ кызматкерлерин атайын каражаттар (электрошокер) менен камсыздоо | 2019-жылдын июлу | КР ИИМ, КР ФМ | Республикалык бюджеттин эсебинен |
22 | 250 портативдик алкотесторду алуу | Толук каржылоо. Жол кыймылына катышуучулардын мастык абалын аныктоо үчүн МККБ кызматкерлерин портативдик алкотесторлор менен камсыздоо | 2019-жылдын июлу | КР ИИМ, КР ФМ | Республикалык бюджеттин эсебинен |
23 | МККБ кызматкерлери үчүн айырмалоочу төш белгилеринин эскиздерин иштеп чыгуу | ИИМдин ведомстволук актысы кабыл алынды. МККБ кызматкерлерин ИИО башка кызматтарынан айырмалоочу төш белгилер менен камсыздоо | 2019-жылдын апрели | КР ИИМ, КР ФМ | ЖКККББ каралган бюджеттеринин чегинде |
24 | МККБ кызматкерлери үчүн 900 даана айырмалоочу төш белгилерди алуу | Толук каржылоо. МККБ кызматкерлерин айырмалоочу төш белгилер менен камсыз кылуу | 2019-жылдын июлу | КР ИИМ, КР ФМ | Республикалык бюджеттин эсебинен |
25 | МККБ кызматкерлери үчүн формалык кийимдин эскиздерин иштеп чыгуу | ИИМдин ведомстволук актысын кабыл алуу. МККБ кызматкерлерин ИИО башка кызматтарынан айырмалоо үчүн форма кийим менен камсыз кылуу | 2019-жылдын апрели | КР ИИМ, КР ФМ | ЖКККББ каралган бюджеттеринин чегинде |
26 | МКК кызматкерлери үчүн 560 комплект формалык кийим алуу | Толук каржылоо. КР ИИМ Академиясынын базасында окутуу аяктагандан кийин кызматкерлерди формалык кийим менен камсыз кылуу | 2019-жылдын июлу | КР ФМ, КР ИИМ | Республикалык бюджеттин эсебинен |
27 | 120 кайгуул автотранспорт каражаттарын алуу. Эскертүү. Кыймылдаткычтын жумушчу көлөмү 1600-2000 куб.см болгон жеңил автомобилдер | Толук каржылоо. Бекитип берилген участоктордун аймагында кайгуулдоо, ошондой эле кылмыштар, жоруктар жана бузуулар жөнүндө билдирүүлөргө ыкчам чара көрүү үчүн МККБ кызматкерлерин автотранспорт каражаттары менен камсыз кылуу | 2019-жылдын июлу | КР ФМ, КР ИИМ | Республикалык бюджеттин эсебинен |
28 | Кайгуулдук автотранспорт каражаттарын 120 жарык сигналдуу үндү катуу чыгаруучу түзүлүштөр менен жабдуу | Толук каржылоо. Кайгуулдук автотранспорт каражаттарын Жол кыймылынын эрежелерине ылайык жарык сигналдуу үндү катуу чыгаруучу түзүлүштөр менен камсыз кылуу | 2019-жылдын июлу | КР ФМ, КР ИИМ | Республикалык бюджеттин эсебинен |
29 | Кайгуул автотранспорт каражаттарын автомобилге орнотулуучу 133 радиостанция менен жабдуу | Толук каржылоо. МККБ мобилдүү наряддарын жана кайгуулчуларын башкаруу системасын жакшыртуу, кызматтык маалыматтын өз убагында берилишин камсыз кылуу | 2019-жылдын июлу | КР ФМ, КР ИИМ | Республикалык бюджеттин эсебинен |
30. | Кайгуул автотранспорт каражаттарын жол-транспорт кырсыктарын тариздөө үчүн 200 комплект чемодан менен жабдуу | Толук каржылоо. Жол-транспорт кырсыктары боюнча материалдарды тариздөөнүн мөөнөттөрүн кыскартуу жана сапатын жакшыртуу | 2019-жылдын июлу | КРФМ, КРИИМ | Республикалык бюджеттин эсебинен |
31 | Кайгуулдук автотранспорт каражаттары үчүн программалык камсыздоосу бар борттук компьютерлердин 200 комплектисин алуу | Толук каржылоо. Бузуу жасагандар жана автотранспорт каражаттары жөнүндө зарыл болгон маалыматтарга жетүү | 2019-жылдын июлу | КР ФМ, КР ИИМ | Республикалык бюджеттин эсебинен |
32 | Кайгуулдук автотранспорт каражаттары үчүн 365000 литр көлөмдө күйүүчү май (бензин, дизель) алуу | Толук каржылоо. Кайгуулдук автотранспорт каражаттарын күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу | 2019-жылдын августу | КР ФМ, КР ИИМ | Республикалык бюджеттин эсебинен |
33 | Кайгуулдук автотранспорт каражаттары үчүн 1600 литр көлөмдө мотор майын сатып алуу | Толук каржылоо. Кайгуулдук автотранспорт каражаттарын күйүүчү майлоочу материалдар менен камсыз кылуу | 2019-жылдын августу | КР ФМ, КР ИИМ | Республикалык бюджеттин эсебинен |
34 | Кайгуулдук автотранспорт каражаттары үчүн 640 даана дөңгөлөктү алуу | Толук каржылоо. Кайгуулдук автотранспорт каражаттарын жыл мезгилине жараша дөңгөлөктөр менен камсыз кылуу | 2019-жылдын августу | КР ФМ, КР ИИМ | Республикалык бюджеттин эсебинен |
35 | Кайгуулдук автотранспорт каражаттары үчүн 80 аккумулятордук батарея сатып алуу | Толук каржылоо. Кайгуулдук автотранспорт каражаттарын оң абалда кармоо | 2019-жылдын августу | КР ФМ, КР ИИМ | Республикалык бюджеттин эсебинен |
36 | 200 кайгуулдук автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө боюнча кызматтарды сатып алуу | Толук каржылоо. Кайгуулдук автотранспорт каражаттарынын техникалык оң абалын камсыз кылуу | 2019-жылдын сентябры | КР ФМ, КР ИИМ | Республикалык бюджеттин эсебинен |
37 | 200 кайгуулдук автотранспорт каражаттары үчүн транспорт каражаттарын ээлеринин жарандык укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу . Эскертүү. ОСАГОнун полисинин орточо баасы жылына 2210 сомду түзөт | Толук каржылоо. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын аткаруу | 2019-жылдын августу | КР ФМ, КР ИИМ | Республикалык бюджеттин эсебинен |
№ 5 блок. МККБда коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар | |||||
38 | МККБдагы коррупциялык көрүнүштөр тууралуу жарандардын жана коомчулуктун билдирүүлөрүнө ыкчам чара көрүү системасын түзүү | Веб-сайт түзүү, анын алкагында: - МККБ иши жөнүндө маалымат чагылдырылат; - жарандардын жана коомдук уюмдардын кылмыштар, жоруктар жана бузуулар жөнүндө сигналдары, кайрылуулары, арыздары жана даттануулары кабыл алынат | 2019-жылдын сентябры | ИИМ, МТБМК | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын чегинде |
39 | ИИМдин ички тергөө кызматтарынын, башка кызматтарынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен, ошондой эле жарандык активисттерден мобилдик топторду түзүү | Ведомстволор аралык акты кабыл алынган. МККБ коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча иш оптималдаштырылган | 2019-жылдын сентябры | ИИМ, БИМ, ЭККМК | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде |
№ 6 блок. Жүргүзүлгөн реформаларды маалыматтык камсыздоо | |||||
40 | Маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүгүн жүргүзүү | Жалпыга маалымдоо каражаттарына, социалдык тармактарга маалыматтарды жайгаштыруу, "тегерек үстөлдөрдү" өткөрүү, жасалып жаткан реформалар жөнүндө башка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Дайыма | ИИМ, Жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын чегинде |
Кыскартуулардын тизмеси:
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
ЭККМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат |
МТБМК | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети |
ЖКККББ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы |
МККБ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы |
ББжОМББ | - | Билим берүүнү жана окутуу методдорун баалоо борбору |