Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 374-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 23-январы № 4-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-мартындагы № 80-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмесинде:
- 4-пунктунун "Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы" графасындагы "Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри" деген сөздөр "вице-премьер-министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 30-пунктунун "Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы" графасындагы "Экономика министри" деген сөздөр "Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр |
| М. Д. Абылгазиев |