Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
2019-жылдын 19-февралы № 81
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 454-б буйругуна ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
Премьер-министр |
| М. Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңештин төрагасы;
коопсуздук, укуктук тартип жана чек ара маселесин тейлөөчү Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңештин төрагасынын орун басары;
жарандык коомдун өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңештин катчысы;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы.
Жарандык коомдун өкүлдөрү:
Муканова Нурипа Алиевна | - | Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин башкы катчысы (макулдашуу боюнча); |
Торалиева Жылдыз Шабданбековна | - | "Результат" коомдук бирикмесинин директору, Ачык Өкмөт улуттук форумунун мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Даутов Ялкун Умержанович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Арзыматов Женишбек Нуретович | - | "Кыргызстандын юристтери" ассоциациясынын коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Мамбеталиева Эркайым Жумамудуновна | - | "Коррупция жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо көйгөйлөрүн изилдөө Борбордук Азия институту" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча). |
Бизнес-жамааттын өкүлдөрү: | ||
Мусуралиев Нурлан Джолдошбекович | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Гелетюк Иван Дмитриевич | - | Бажы брокерлер ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Исаев Вячеслав Михайлович | - | Кен казуу өнөр жайчылар гильдиясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Ташибеков Артур Ашимбекович | - | Кыргызстандын базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Ускенбаева Гульнара Тураровна | - | Жеткирип берүүчүлөр (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча). |