Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 20-февралы № 90
Кыргыз Республикасынын экономикасынын мамлекеттик секторунун ишканаларын жогорку квалификациялуу адистер менен камсыз кылуу боюнча концепциянын долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын экономикасынын мамлекеттик секторунун ишканаларын жогорку квалификациялуу адистер менен камсыз кылуу боюнча концепциянын долбоорун даярдасын жана андан ары белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына киргизсин.
3. Жумушчу топ зарыл болгон учурда ишке мамлекеттик органдардын, мамлекеттик ишканалардын, катышуунун мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун адистерин жана көз карандысыз эксперттерди тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты беришсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Орозбеков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси; |
Алымкулов А.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кеңешчиси; |
Кожобеков К.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Абиров М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Базарбаев Т.Ч. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кадрдык иштер департаментинин директору; |
Шамшиев Н.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын начальниги; |
Дуйшеева Ж.К. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги; |
Турдумаматова М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эмгек башкармалыгынын начальниги; |
Алышбаев М.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын талдоо иштери бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Турдубаева Г.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын кадрдык камсыз кылуу жана иш кагаздары бөлүмүнүн башчысы; |
Джоробеков М.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун стратегиялык пландоо, кадрдык иштер жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Акказиев Б.К. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери. |
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ