Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 28-январы № 27
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 126 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы жөнүндө жобонун 14-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын коллегиясы төмөнкү курамда бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын экспертиза башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын укук башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын уюштуруу иштери жана стратегия бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын финансы-экономикалык пландоо секторунун башчысы.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 31-мартындагы № 140 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 3-февралындагы № 67 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 11-августундагы № 456 буйругу.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |