КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 29-январы № 35
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтагы (финансы полициясы) кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) коллегиясынын мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр бекитилсин:
Кирбашев Аят Эсенаманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Мамбетов Азамат Касымбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Штабынын башчысы; |
Кутманов Аалы Осмонович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) ыкчам иштер жана алгачкы текшерүү башкармалыгынын башчысы; |
Айылчиев Элдияр Кудайбердиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) тергөө башкармалыгынын башчысы. |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-августундагы № 530 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |