Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 29-январы № 36
Миграция маселелери боюнча координациялык кеңештин натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 6-майындагы № 254 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйруктун 1-тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган буйруктун 2-тиркемесинде:
аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Миграция маселелери боюнча координациялык кеңеши" деген сөздөр "Миграция маселелери боюнча координациялык кеңеш" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
|
| "1-тиркеме |
Миграция маселелери боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын социалдык блокту тейлеген вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын начальнигинин орун басары;
Миграция эл аралык уюмунун Кыргыз Республикасындагы офисинин жетекчиси (макулдашуу боюнча);
ЕККУнун Бишкектеги борборунун улук программалык ассистенти (макулдашуу боюнча);
БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Кыргыз Республикасындагы башкармалыгынын эл аралык координатору (макулдашуу боюнча);
БУУ КЖКБнын качкындардын укуктарын коргоо боюнча улуттук кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
"Эл Агартуу" коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Сезим" кризистик борбору" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Коомдук кеңешинин өкүлү (макулдашуу боюнча).".