Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 19-февралы № 80
Күжүрмөн даярдыктагы, аскердик тартиптеги эң мыкты көрсөткүчтөрү жана Мекенди коргоочунун күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен сыйлансын:
Тюреканов Болотбек Мейманбаевич | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 701 аскер бөлүгүнүн коменданттык батальонунун командири, гвардиянын майору; |
Акунов Акылбек Касиевич
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин 52806 аскер бөлүгүнүн материалдык камсыздоо взводунун командири, улук прапорщик; |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялансын:
Болушов Эмильбек Акиновичке | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 75565 аскер бөлүгүнүн командири, полковник; |
Тажибаев Таалайбек Мырзабаевичке | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2027 аскер бөлүгүнүн командиринин биринчи орун басары - штаб башчысы, полковник; |
Мырзаканов Уланбек Мамытбековичке | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин басмаканасынын башчысы, полковник.
|
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |