Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 19-декабры № 444-б
Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системаларын өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген төмөнкүлөр жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын жана Каракол шаарынын "Суу каналы" муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору үчүн Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгынын атынан Швейцария Конфедерациясынын инвестициялык гранты боюнча гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |