Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 26-декабры № 457-б
Кыргыз Республикасынын транспорттук көз карандысыздыгын камсыздоо максатында жана Кыргыз Республикасы үчүн Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун стратегиялык жана социалдык маанисин эске алып:
1. Расмий тилде төмөнкү тиркелгендер жактырылсын (расмий эмес котормо):
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашуунун (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттар менен) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 - Кошумча каржылоо) долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашуунун (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 - Кошумча каржылоо) долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине аталган Макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |