Редакцияот 12.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 12-декабры № 3

“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин Типтүү этикалык кодексин бекитүү жөнүндө"

     Акназаров айылдык Кенешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2018-жылдын 12-декабрындагы кезексиз 17- сессиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 5-ноябрындагы №136 каты менен келген 2018-жылдын 24-июлундагы № 01-18/89 буйругунун негизинде келген Типтүү этикалык кодексин карап чыгып , талкуулап

Т О К Т О М  К Ы Л А Т :

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин Типтүү этикалык кодекси бекитилсин.

2.Бекитилген Типтүү этикалык кодекстин негизинде иш алып баруу жагы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын этика,мандат жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын төрагасы М.Турдалиевге милдеттендирилсин.

3.Бул токтом райондук “Айыл жарчысы” гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

 

Төрага

Р.Рысматов