Редакцияот 07.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы

2018-жылдын 7-декабры № 25/2

“ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун аткарып келген иштери, жайыт салыгын 2018-жылга аткарылышы, 11 айдын салыгы боюнча маалыматы жөнүндө”

Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун аткарып келген иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун аткарып келген иштериндеги кемчиликтерден, сын-сунуштардан жыйынтык чыгарып, жыл аягынын 25-декабрь 2018-жылга чейин жайыт салыгын аткарып бүткөрүлсүн.

2.    Быйылкы жылы келтирилген кемчиликтерден жыйынтык чыгарып, 2019-жылга иш план, малдардын расстановкасы, келишимдери жана жайыт акыларын чогултуу боюнча иштери алып барылсын.

3.    Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Өмүров