Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 25/7
“Кум-Дөбө айыл өкмөтүнөн чыккан 05.12.2018-жылдагы № 197 б буйругу жөнүндө”
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, ФЭБ башчысы Б.Тажиевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 токтомуна ылайык берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсепке алуу, эки тараптуу келишимди түзүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнөн чыккан 05.12.2018-жылдагы № 197 б буйругунун негизинде эки тараптуу келишим түзүлүп, кабыл алынсын.
2. Айыл аймагындагы жеке менчик мончо, магазиндерди, ж.б жеке ишкерлик кылгандарды тактап, жер аянтын ченеп, милдеттүү түрдө патенттин негизинде салыктарды алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү салык инспекторлоруна тапшырылсын.
3. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууда мыйзам чегинде аткарууну көзөмөлдүк кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |