Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 25/8
“Кум-Дөбө айыл өкмөтүнөн чыккан 05.12.2018-жылдагы № 196 буйругун бекитүү жөнүндө”
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаев Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” Кодексте каралган иштерди кароо боюнча комиссияларын бекитүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 17.10.2018-жылдагы № 01-18/126- буйругу менен бекитилген типтүү Жобосун, айылдык кеңештин сессиясында бекитип алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнөн 05.12.2018-жылдагы № 196 буйругундагы “Бузуулар жөнүндө” иштерди кароого түзүлгөн комиссия курамы бекитилсин.
2. Жогорудагы “Бузуулар жөнүндө” иштер боюнча түзүлгөн комиссиянын курамын протоколунун негизинде төрагасы К.Нуркалиев, орун басар катчысы М.Жумалиев болуп бекитилсин.
3. Кочкор райондук ички иштер башкармалыгы укук бузуулар боюнча бөлүмү менен бирдикте иштерди жүргүзүү ай сайын отчёт маалымат берүү жагы комиссиянын төрагасы К.Нуркалиевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы жооптуу катчы Ө.Ишенгуловго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Өмүров |