Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры № 20-3
“Айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бекитилген бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча,2018-жылга бекитилген планына жүргүзүлгөн тактоолордун негизинде,тармактарга жылдыруу жөнүндө ”
2018-жылга карата бекитилген пландардын аткарылуусун камсыз кылуу максатында,Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесинин негизинде айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Бекитилген пландын 2018-жылга карата тактоолоруна ылайык, жергиликтүү бюджеттеги акча каражаттары, зарыл болгон тармактарга жылдырылсын.(тиркеме тиркелет)
2. Бюджеттеги акча каражаттарын тармактарга жылдырууну жүргүзүү жагы КР каржы министрлигинин Ноокат райондук башкармалыгынан суралсын.
3. Бюджеттеги акча каражаттарын тармактарга жылдырууну мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу К.Исмаиловага жү ктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы, айылдык кеңештин «Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Абдырахманов |
Төөлөс айылдык кеңешинин
VI-чакырылышынын кезексиз
жыйырманчы сессиясынын
№20-3 токтомуна тиркеме
к № | Кирешелердин аталышы | Суммасы (миң сом) |
1 | Ыктыярдуу патент | -51,0 |
2 | Транспорт салыгы | +241,2 |
3 | Айыл чарбасына кирбеген жер салыгы | +300,0 |
4 | Сатуудан алынуучу салык | -1400,0 |
5 | Роялти | +82,0 |
6 | Лицензия кармоодон алынуучу салык | +524,4 |
| Жалпы | -303,4 |
к № | Бөлүм | Берене | Кемитилүүчү жумуштардын аталышы | Сумма (миң сом) |
1 | 70862-спорт жана ден соолук тармагы | 3111 | Өздүк салым | -111,0 |
2 | 70825-даталуу күндөрдү белгилөө бөлүмү | 2215 | Майрамдарды белгилөө | -40,0 |
3 | 70823-маданият бөлүмү | 2211 | Маданият кызматкерлеринин сапардамалык чыгымдары | -17,3 |
4 | 70629-ЖКХ | 3112 | Электр жабдууларын алуу | -50,0 |
5 | 70911-балдар бакчалары бөлүмү | 2224 | Көмүр сатып алуу | -20,5 |
6 | 70921-элге билим берүү бөлүмү | 3111 | Инвестиция тартуу | -64,4 |
| Жалпы | - | - | -303,4 |
Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу | К.Исмаилова |