Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры № 20-4
«Айыл аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү максатында, Гереит-Шорон айылынын «Адыр» бөлүмүнөн көрсөтүлгөн 33 га.жер аянтын, «кайрак айдоо” жер аянттары категориясынан «калктуу конуш” жер аянттары категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык.
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айыл аймагына караштуу Гереит-Шорон айылынын «Адыр» бөлүмүнөн, №460-контурундагы 3,44га,№461-контурундагы 29,56га,жалпы 33,00га жер аянтын «кайрак айдоо” категориясынан , «калктуу конуш” категориясына которууга (трансформация кылууга) макулдук берилсин.
2. Айыл аймагына караштуу Гереит-Шорон айылынын «Адыр» бөлүмүнөн, №460-контурундагы 3,44га,№461-контурундагы 29,56га,жалпы 33,00га жер аянтын «кайрак айдоо категориясынан» , «калктуу конуштар категориясына» которуп (трансформация кылып) берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациячынан суралсын.
3. Иш кагаздарынын мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы,айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси М.Бакировго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы,айылдык кеңештин «Айыл,суу чарба,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо, транспорт,курулуш,өнөр жай,кайра иштетүү жана энергетика» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Абдырахманов |