Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры № 21-1
«Айтамга» балдар бакчасынын жылытуу системасын жаңыдан оңдоп түзөө боюнча иштерин жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын максаттуу грантынан келген акча каражатын, айыл өкмөтүнүн сатып алуулар планына киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык.
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айыл өкмөтүнүн иш чараларын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын максаттуу грантынан келген 1 500 000 (бир млн.беш жүз миң) сом акча каражаты, жергиликтүү бюджеттин 70911 балдар бакчалары бөлүмүнүн 3111 беренесине,«Айтамга» балдар бакчасынын жылытуу системасын жаңыдан оңдоп түзөө боюнча иштерин жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн сатып алуулар планына киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын максаттуу гранттан келген акча каражатын,айыл өкмөтүнүн сатып алуулар планына түшүрүү жагы, каржы министрлигинин Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын.
3. Акча каражатын,мыйзамга ылайык бөлүм беренелерине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу К.Исмаиловага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы,айылдык кеңештин «Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Абдырахманов |