Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры № 21-2
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин» 2018-жылдын 10-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү Жобону бекитүү» жөнүндөгү №01-18-26 буйругуна негиз иштелип чыккан, Төөлөс айыл өкмөтүнүн,бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу типтүү Жобону бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык.
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин» 2018-жылдын 10-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү Жобону бекитүү» жөнүндөгү №01-18-26 буйругуна негиз иштелип чыккан, Төөлөс айыл өкмөтүнүн,бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу типтүү Жобосу бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Бекитилген жобого негиз,комиссиянын ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча иш чаралары 2018-жылдын 04-декабрынан тартып башталсын.
3 Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы, айылдык кеңештин «Мыйзамдуулук,мандат,укук,дин иштери жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага | М.Абдырахманов |
Төөлөс айылдык кеңешинин
VI-чакырылышынын 2018-жылдын
04-декабрындагы 21-сессиясынын
№ 21-2 токтому менен бекитилген.
Төөлөс айылдык кеңешинин бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобо
1.Жобо
2. Комиссия курамын түзүү жана комиссиянын ишмердүүлүгүн токтотуу тартиби.
-комиссия мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген учурда
- комиссия мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо
- комиссия мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде
- комиссия мүчөсүнүн ден-соолугуна байланыштуу медициналык корутунду берилгенде
-комиссия мүчөсү намысын жана кадыр баркын кетирүүчү жосун жасаганда
-комиссия мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде
-комиссия мүчөсүнүн жергиликтүү кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда
-комиссия мүчөсүн жарандык коом жана жергиликтүү жамаат кайра чакырып алганда токтотулат.
3.Комиссия ишинин тартиби
1) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат
а) жаза чарасын колдонуу жөнүндө
б) туумду кошуп эсептөө жөнүндө
в) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө
2) ишти кароо комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы
аныкталган кезде,ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп
берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери.
1. Комиссиянын ишмердуулугун Комиссиянын терагасы уюштурат. 2 . Бузуу жөнундө иштерди кароодо Комиссиянын муөлөру бирдей укукка ээ. 3. Комиссиянын мучөлөру: Төмөндөгулөргө милдеттуу: - Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнундө иштердин материалдары менен таанышууга; - бузуу жөнундө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа беруугө катышууга: - Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш беруугө катышууга; - журум-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого; - Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга. Төмөндөгулөргө укуктуу; - бузуу жөнундө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берууге; - бузуу женуиде иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирууге; - Кодексте каралган башка укуктарга. 4. Комиссиянын терагасы, Комиссиянын мучесунун милдеттеринен сырткары. темендегулерге милдеттуу: - Комиссиянын ишмердуулугун пландаштыруу, уюштуруу жана жетектее; - Комиссиянын отурумдарында терагалык кылуу; - Комиссиянын отурумунун кун тартибин бекитуу; - Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго). ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу; - Комиссиянын ишмердуулугуне кеземел жургузуу. 5. Комиссиянын терагасы, Комиссиянын мучесунун укуктарынан сырткары. теменкудей укуктарга ээ: - өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирууге; - Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берууге; - ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга. 6. Комиссиянын терагасынын орун басары Комиссиянын мучесунун милдеттеринен сырткары: - бузуулар женунде иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат; - Комиссиянын терагасынын тапшырмаларын аткарат; - Комиссиянын терагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат; - ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат. 7. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мучесунун милдеттерии аткаруудан сырткары: - бузуулар женунде иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат; - өз ишмердуулугун Комиссиянын терагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат; - Комиссиянын терагасынын тапшырмаларын аткарат; - келип тушкен материалдарды, билдируулерду жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин керсеткен, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт; - бузуулар женундо протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстии жаиа ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздеену камсыз кылат; - Комиссиянын мучелерун, бузуулар жөнунде өндурушкө катышып жатышкан адамдарды тапаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менеи тааныштырат: - Комиссиянын отурумдарынын протоколун жургузөт жана тариздейт, аларга кол коет; - Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет; - аныктамалардын жана токтомдордун кечурмелорун тиешелуу адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтууну камсыз кылат; - Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат; -Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышьша көзөмөл жургузөт; - Комиссиянын иш кагаздарынын жургузулушун жана сакталышын камсыз кылат; - бузуулар женундо иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт. -Комиссиянын ишмердуулугун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркундотуу боюнча сунуштарды даярдайт; - отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жургузет; - Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат. -Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын терагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мучөлөрунун бири аткарып турат. 8. Эгерде Комиссиянын мучөлөру: - бузуу учун жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкулдөрунун, коргоочусунун, өкулунун, адвокатынын, ошондой эле кубосунун, эксперттин. адистин, котормочунун туугандары болушса; - иштин чечилишине тике же кыйыр турдө кызыкдар болушса, алардын бузуулар женундо иштерди кароого катышууга акысы жок.
5. Комиссиянын иш кагаздарын жургузуу
1. Иш кагаздарын жургузуугө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы учун жоопкерчилик тартат. 2. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык, так киргизилиши учун жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат. 3. Бузуулар женундө иш өндурушунун катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтуу Комиссиянын катчысы тарабынан жургузулвт. 4. Бузуулар жөнундө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки кундөн кеч эмес жиберилиши керек (З-тиркеме). Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда. Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын терагасыиа биллируугө, анын керсөтмөсу боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көруугө милдеттуу, Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айрыма бөлугу ишке тигилет. 5. Бузуу жасалган жерде айып пул өндургөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жургузулөт, ал эми төлөөнун мындай формасы мумкун болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу учун жоолкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган улгудөгу, атайын финансылык отчеттулуктун документи болуп эсептелуучу жана эки нускада тузулуучу айып пул думурчөгун (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул думурчөгунун (квитанциясыньн) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет. 6. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнундө иштерди тузууну, аларды төмөндөгудөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигууну камсыздайт: - бузуулар жөнундө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар; -отурумдун процессинде ишке коюлган, келип тушкөн иретинде жайгаштырылган бардык документтер; - белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу; - ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор. Бардык документтер көктөмөлөргө алардын тексти корунуп тургандай болуп көктөлөт. 7. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип тушкөн жылды камтыйт. 8. Бузуулар жөнундө протокол тузуучу кызмат адамдары бузуулар жөнундө каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат. 9. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип тущушун казначылыктын райондук (шаардык) бөлуму менен салыштырып текшерип турат. 10. Комиссия төмөнкудөй эсеп журналдарын жургузө алат: - бузуулар жөнундө иштерди эсепке алуу журналы; - айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы; - бузууну жасоо учун жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4-тиркеме). 11. Журналдардын барактары номурланган, көктөлгөн, мөөр менен бекитилтен болууга тийиш, эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, көк тустөгу сыя (паста) менен жазыдат. 12. Журналдарды сактоо мөөнөту 3 жыл. Бузуулар жөнундө иштерди сактоо мөөнөту 5 жыл. Көрсөтулгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат. 13. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.
Төөлөс айылдык кеңешинин
VI-чакырылышынын 2018-жылдын
04-декабрындагы 21-сессиясынын
№____ токтому менен бекитилген.
Төөлөс айыл өкмөтүнүн бузуулар боюнча комиссиясынын курамы
1. Мурзакулов Абийбилла-айылдык кеңештин депутаты-комиссиянын төрагасы
2. Жороев Арстан-айылдык кеңештин депутаты-комиссиянын төрагасынын орунбасары
3. Шерматов Маматемин-айыл башчысы-комиссиянын катчысы
4. Исмаилова Кимсан-айыл өкмөтүнүн адиси-комиссиянын мүчөсү
5. Абытов Каныбек-айылдык кеңештин депутаты-комиссиянын мүчөсү
6. Шарап уулу Кыяз –айылдык кеңештин депутаты-комиссиянын мүчөсү
7. Малабаев Эржигит-айылдык кеңештин депутаты –комиссиянын мүчөсү