Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры № 23-3
«Төөлөс айыл аймагынын Кеңеш айылында “Кеңеш айылындагы суу скважинасын тазалоо жана жаңы конушка таза суу түтүктөрүн орнотуу” долбоорунун өздүк салымы жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесине 2-пунктуна ылайык.
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Төөлөс айыл аймагынын Кеңеш айылында “Кеңеш айылындагы суу скважинасын тазалоо жана жаңы конушка таза суу түтүктөрүн орнотуу” долбоорун ишке ашыруу максатында,долбоордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 469 120 (төрт жүз алтымыш тогуз миң бир жүз жыйырма) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы, айылдык кеңештин “Экономика,бюджет.соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Абдырахманов |