Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-декабры № 27
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу жобону бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, “Пробация жөнүндө”, Мунапыс берүү негиздери жана колдонуу тартиби жөнүндө мыйзамдарын ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18/126 сандуу буйругун аткарууга алуу максатында, Кара-Суу айылдык кеңешинин 7-чакырылышын кезексиз 28-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы 7 адамдан түзүлсүн.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы төмөндөгөдөй түзүлсүн:
1. Эсенкул уулу Памир - айылдык кеңештин төрагасы
2. Кабылов Рысбек - айылдык депутат
3. Орозалиев Токтор - аксакалдар сотунун мүчөсү
4. Эстебесов Улукбек - аксакалдар сотунун төрагасы
5. Кудайбергенова Калыгул - Аялдар Кеңешинин төрайымы
6. Иманбеков Тынчтык - жаштар уюмунун мүчөсү
7. Эсеналиева Нуржамал - айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча жетектөөчү адис
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия жергиликтүү кеңештин алдында жыл сайын 15-январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган иштери тууралуу отчет даярдап кеңешке киргизсин.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия иштерди кароосу 2019-жылдын 01-январынан тартып күчүнө кирсин.
6. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |