Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-декабры № 26
“Токтогул шаардык кеңешинин 17.08.2018-жылдагы № 01-12/73 протоколдук тапшырмалардын, 29.10.2018-жылдагы № 18 токтомдун аткарылышы жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаардык кеңеши тарабынан берилген протоколдук тапшырмалардын жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жөнүңдөгү шаар мэри Б.Болгонбековдун берген маалыматы боюнча “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын чечими жактырылгандыгы белгиленсин.
2. 17.08.2018-жылдагы № 01-12/73 протоколдук тапшырмалардын 3,6,8-пункттары, 2),3)- пунктчалары менен белгиленген маселелерди, 29.10.2018-жылдагы №18 токтомунун 3-пунктундагы маселелерди чечүү боюнча жоопкерчиликтүү иштер жүргүзүлсүн.
3. Шаардын ичиндеги көчөлөрдө, тротуарлардагы жөө жүрүүчү адамдарга жана унаа айдоочуларга тоскоолдук жаратуучу:
- дарактардын ашыкча бутактары кыркылып алынсын;
- ар кандай калдыктарды (курулуш материалдардын, малдын кыгы ж.б.) тазалоо иштери жүргүзүлсүн, үй ээлерине түшүндүрүлсүн.
4. Аткаруу мөөнөтү 2018-жылдын 31-декабры.
5. Токтомду аткаруу жана анын аткарылышы боюнча жазуу жүзүндө маалымат берүү Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары” боюнча туруктуу комиссиясына (М.Калмурзаев) тапшырылсын.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.А.Раманкулов |