Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-декабры № 27
“Токтогул шаарында түрткү берүүчү гранттын эсебинен аткарылуучу долбоорлорго жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарында 2019-жылга долбоорлорду түрткү берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу аракеттери боюнча шаар мэри Б.Болгонбековдун сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.
Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу боюнча бюджет боюнча туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылсын, анын негизинде төмөндөгү долбоорлордун өздүк салымына керектелүүчү акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилгендиги белгиленсин:
1) “Наристе” балдар бакчасына тамак-аш бышыруучу жай куруу боюнча долбоордун жалпы сметалык баасы 3 643 743 сом, өздүк салым (25 %) 910 936 сом;
2) Токтогул көчөсүнө жөө адамдар басуучу асфальт жол (тротуар) куруу боюнча долбоордун жалпы сметалык баасы 3 150 364 сом, өздүк салым (25 %) 787 591 сом;
3) А.Суеркулов көчөсүнө жөө адамдар басуучу асфальт жол (тротуар) куруу боюнча долбоордун жалпы сметалык баасы 1 079 656 сом, өздүк салым (25 %) 269 914 сом;
4) Ботбаев көчөсүнө жөө адамдар басуучу асфальт жол (тротуар) куруу боюнча долбоордун жалпы сметалык баасы 1 525 433 сом, өздүк салым (25 %) 381 358 сом;
Өздүк салымдын жалпы суммасы: 2 349 799 сом;
2. Жогорудагы көрсөтүлгөн, өздүк салым үчун керектелүүчү, акча каражатын 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүүдө жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүү жагы каралсын.
3. Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековго жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.А.Раманкулов |