Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 204 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2018-жылдын 30-ноябры № 421-б
Кредиттик бюролорду, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө актуалдуу маалымат алуусун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 544-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацында:
"2018-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр "2019-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"уюмдарга," деген сөздөн кийин "кредиттик бюролорго, төлөм уюмдарына жана төлөм системаларынын операторлоруна," деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
1-пункту "банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарды," деген сөздөрдөн кийин "кредиттик бюролорду, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |