Редакцияот 13.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 469-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 13-ноябры № 401-б

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-февралындагы № 58-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планында:

- 7-пунктунда:

"Долбоорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү" графасындагы "I" деген цифра "IV" деген цифра менен алмаштырылсын;

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жактыруу жөнүндө токтомун кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү мөөнөтү" графасындагы "II" деген цифра "IV" деген цифра менен алмаштырылсын;

- 8 жана 27-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев