Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 31-декабры № 467-б
Табигый кырсыктардын тобокелин кыскартуу жана климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерине калктын туруктуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Расмий тилде төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү" долбоору боюнча Кредиттик макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү" долбоору боюнча Гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |