Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылцын 27-марты, № 73-б
Баткен жана Талас облустарында суу менен камсыз кылуу жана санитария системасын өнүктүрүү максатында, "Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (өнүктүрүү максатында Ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы "Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Байгончоков Мирланбек Конушбековичке ушул буйруктун 1-пунктунда аталган кредиттик макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |