КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 15-марты № 137
Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын башкаруу түзүмүн реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын башкаруу түзүмүн реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын башкаруу түзүмүнүн натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигин кайрадан түзүүнүн максатка ылайыктуулугу боюнча сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ мамлекеттик органдардын, акционердик коомдордун адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте жумушка тартууга, ошондой эле анын иши үчүн зарыл болгон маалыматты сурап алууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын өзүм контролдойм.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын башкаруу түзүмүн реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Боронов Кубатбек Айылчиевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Байбакпаев Экмат Джурукпаевич | - | депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Келдибаев Сагындык Аширалиевич | - | депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Тагаев Эрмамат Султанович | - | депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Турусбеков Бактыбек Сагындыкович | - | депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Есеналиев Максатбек Кульчороевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Абакиров Эльдар Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Айдарова Миргуль Мырзагельдиевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Абиров Мыктыбек Медетбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Жусуев Болот Аманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Алиев Бекболот Абдыганыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Оморов Азамат Каныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы; |
Абдыкадыров Азамат Эсенгельдиевич | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча). |