Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 20-марты № 154
Кесиптик бирликтердин иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15 жана 18-беренелерине ылайык:
1. Кесиптик бирликтердин иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ведомстволор аралык жумушчу топтун катчылыгы катары аныкталсын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ үч айлык мөөнөттө кесиптик бирликтердин иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды изилдеп чыгып, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине киргизсин.
4. Мамлекеттик органдардын жана башка кызыкдар уюмдардын жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүп, керектүү документтерди жана маалыматтарды өз убагында берип турушсун.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топко мамлекеттик органдардын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кесиптик бирликтердин иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Өмүрбекова Алтынай Сейтбековна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Бакиров Мирлан Исакбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча). |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү | ||
Асылбаева Гулшат Кадыровна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Момбеков Рыскелди Чыныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Чойбеков Руслан Нуркалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Джураев Сайдолимжон Маруфович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Шадыханов Калысбек Токтосунович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; |
Шаршеев Айдин Өмүралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; |
Есеналиев Максатбек Кульчороевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Тарбинский Олег Станиславович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Токтосартов Камалдин Акунович | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; |
Джуматаева Гульнура Муратовна | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары; |
Маматова Калиман Тойчубековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары; |
Баетов Батыркул Исаевич | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин директору; |
Нарбеков Шайлообек Ширибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Колопов Илияс Сексенбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн эксперти; |
Сагынбаев Канат Латипжанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти; |
Маатказиев Кубанычбек Ишенбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын улук эмгек инспектору; |
Абдырасулова Айгерим Садыгалиевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин актыларды иштеп чыгуу жана экспертизалоо экинчи башкармалыгынын социалдык мыйзамдар бөлүмүнүн башчысы; |
Турдумаматова Махабат Каримовна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эмгек башкармалыгынын начальниги; |
Касымбекова Салтанат Асаналиевна | - | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Аппаратынын социалдык-экономикалык жана маданий укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Бабаева Рысгуль Белековна | - | Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Курбанова Амина Муратовна | - | Эл аралык эмгек уюмунун долбоорлорунун менеджери (макулдашуу боюнча); |
Иманалиев Дастан Шаршенбекович | - | Эл аралык ишкер кеңешинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча). |
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ