РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Президентинин 2018-жылдын 26-декабрындагы ПБ № 326 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 142 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу

Редакция26.12.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Президентинин 2019-жылдын 26-ноябрындагы ПБ № 257 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

БУЙРУК

2018-жылдын 26-декабры ПБ № 326

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 142 буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Т.И.Бегалиев, А.А.Касымалиев чыгарылсын;

- Барыктабасова Эльмира Бектургановна - Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин төрагасы, Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна - Кыргыз Республикасынын финансы министри киргизилсин;

- Исмаилов Анарбек Касымовичтин кызмат орду төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы".

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

С.Ш.Жээнбеков