Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 29-августу № 489
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункттагы "19" деген цифралар "20" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда 20-тиркеме менен толукталсын;
- 3-тиркеменин 8-пунктунун 1-пунктчасында:
экинчи абзац "чарба" деген сөздөн кийин ", тамак-аш өнөр жайы" деген сөздөр менен толукталсын;
алтынчы абзацтагы "Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-тиркеменин 8-пунктунун 1-пунктчасында:
экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети";
- 5-тиркеменин 8-пунктунун 1-пунктчасында:
экинчи абзацтагы "коммуникациялар" деген сөз "жол" деген сөз менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети;";
төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
тогузунчу абзацтагы "коммуникациялар" деген сөз "жол" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 18-тиркеменин 10-пунктунун экинчи абзацында:
"чарба" деген сөздөн кийин ", тамак-аш өнөр жайы" деген сөздөр менен толукталсын;
"коммуникациялар" деген сөз "жол" деген сөз менен алмаштырылсын;
"Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик" деген сөздөр "Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |