Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2021-жылдын 22-апрелиндеги № 430 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 13-июну № 415
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жободо:
- 1-тиркемеде:
2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бөлүмдүн түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:
1) интеграциялык процесстер жана макроэкономика боюнча сектор;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасына мониторинг жүргүзүү сектору;
3) тышкы жардамды координациялоо боюнча сектор.";
3-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) жалпы координациялоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү (тармактык жөнгө салуу маселелеринен тышкары).";
4-пунктунун 1-пунктчасынын сегизинчи абзацындагы ", тышкы жардамдан башкасын" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-тиркемеде:
2-пункту, 3-пунктунун 4-пунктчасы, 4-пунктунун 1-пунктчасынын сегизинчи абзацы жана 2-пунктчасынын сегизинчи пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
3-пунктунун 1-пунктчасындагы "(тышкы жардам боюнча)" деген сөздөр алып салынсын, "мекемелер" деген сөз "уюмдар" деген сөз менен алмаштырылсын;
4-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы "бюджетти орто мөөнөттүү мезгилге болжолдоонун" деген сөздөр "фискалдык саясаттын негизги багыттарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; ", техникалык жана гранттык жардам)" деген сөздөр алып салынсын;
4-пунктунун 2-пунктчасынын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик уюмдар;";
- 6-тиркемесинин 2-пунктунун 1-пунктчасы, 3-пунктунун 4-пунктчасы, 4-пунктунун 9-12-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Бөлүмдүн түзүмүнө кадрлар сектору кирет.";
2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын:
"9) Премьер-министрдин жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин номенклатурасына кирген кадрдык маселелерди чечүү боюнча иш-аракетти ишке ашыруу.";
төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Бөлүм милдеттерди чечүү үчүн өзүнүн компетенциясына кирген төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) Өкмөттүн Аппаратында кадрларды уюштуруу, түзүү жана эсепке алуу;
2) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын өзгөртүү боюнча документтерди даярдоо;
3) Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин тапшырмасы боюнча Өкмөттүн Аппаратында эмгек тартибин сактоону контролдоо.";
2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бөлүмдүн түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:
1) коррупцияга каршы саясат сектору;
2) талдоо жана болжолдоо сектору.";
5-пунктунун 2-пунктчасынын төртүнчү жана алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 13-тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 14-тиркемеде:
аталышындагы "коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш боюнча" деген сөздөр "маалыматтык камсыздоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пунктундагы "коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш боюнча" деген сөздөр "маалыматтык камсыздоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-пункту "Бөлүмдүн башчысы" деген сөздөрдөн кийин ", Премьер-министрдин басма сөз катчысы" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 5-январындагы № 4 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 13-тиркеме |
Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын өкүлүнүн катчылыгы (бөлүм укугунда) жүргүзгөн чөйрөнүн негизги маселелери
1. Жалпы жоболор
1. Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын өкүлүн (мындан ары - Атайын өкүл) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары - Премьер-министр) кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Атайын өкүл жетекчинин тапшырмасы боюнча чет мамлекеттердин мекемелеринде жана уюмдарында Атайын өкүлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) атынан чыгат.
2. Атайын өкүлдүн иш-аракетин Атайын өкүлдүн катчылыгы (бөлүм укугунда) камсыз кылат.
Атайын өкүлдүн катчылыгы өзүнүн ишинде Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) негиз болуучу документтерин, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиянын Кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиянын Коллегиясынын чечимдерин (буйруктарын), ЕАЭБдин алкагында түзүлгөн, Кыргыз Республикасы тарабынан белгиленген тартипте кол коюлган, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.
2. Атайын өкүлдүн катчылыгынын компетенциясына кирген милдеттер
3. Атайын өкүлдүн катчылыгынын компетенциясына кирген милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ЕАЭБдин алкагында кызматташтык маселелери боюнча сүйлөшүүлөр процессин жол-жоболук камсыз кылуу;
2) ЕАЭБдин органдары, Евразия экономикалык комиссиясы жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү;
3) экономикалык, социалдык жана гуманитардык чөйрөдө мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиянын Кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиянын Коллегиясынын жыйынына коюлган документтердин жана чечимдердин (буйруктардын) долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын иштеп чыгууга катышуу;
4) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн алкактык макулдашууларды, жол картасын жана башка документтерди ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү.
3. Атайын өкүлдүн катчылыгынын ыйгарым укуктары
4. Атайын өкүлдүн Катчылыгы:
1) төмөнкүлөрдү тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн документтерди ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү бөлүгүндө);
- башка мамлекеттик органдарды (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн документтерди ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү бөлүгүндө);
2) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Атайын өкүлдүн катчылыгынын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
5. Атайын өкүлдүн катчылыгынын кызматкерлери өзүнүн компетенциясына кирген милдеттердин алкагында:
1) ЕАЭБдин маселелери боюнча жол карталардын алкактык мүнөздөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Өкмөттүн Аппаратында жол-жоболук коштоону ишке ашырат;
2) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиянын Кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиянын Коллегиясынын жыйындарына жана ЕАЭБдин алкагында өткөрүлүүчү башка иш-чараларга катышуу укугуна ээ.".