Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 4-июну № 401
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2018-жылдын 30-мартындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын статс-катчыларынын 2017-жылдагы ишинин рейтинги жөнүндө" токтомун көңүлгө алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Бардинова Нуржан Арзыкуловна Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен сыйлансын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Мамыралиев Айбек Абаскановичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; |
Сагымбаев Абдисамат Акимовичке | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин статс-катчысы; |
Абдыжапаров Аскарбек Самийбековичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; |
Карагул уулу Жакыпка | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы; |
Шамшиев Абдухалык Абдулхаевичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы. |
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |