Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 271 токтомунун редакциясына ылайык)
2018-жылдын 12-сентябры № 316-б
1. 2018-2023-жылдарга Өлкөлүк алкактык программанын расмий тилдеги (расмий эмес котормо) долбоору (мындан ары - Өлкөлүк алкактык программа) 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Өлкөлүк алкактык программага кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын делегациясы Өлкөлүк алкактык программага кол коюуга катышуу үчүн 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2018-жылдын 17-21-сентябрында Австрия Республикасынын Вена шаарына командировкага жиберилсин.
5. Өлкөлүк алкактык программаны аткарууну координациялоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 271 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| 2-тиркеме |
2018-жылдын 17-21-сентябрында Австрия Республикасынын Вена шаарында боло турган 2018-2023-жылдарга Өлкөлүк алкактык программага кол коюуга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Разаков Ж.П. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси; |
Рустамов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору; |
Жандаева А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу борборунун башкы адиси. |