КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 19-февралы № 23-б
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-апрелиндеги № 85-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы" долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысына жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-апрелиндеги № 85-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |