Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 13-майы № 238
Кыргыз Республикасында "аба эркиндигинин бешинчи даражасы" укугун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында "аба эркиндигинин бешинчи даражасы" укугун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (мындан ары - иш-чаралар планы) иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки жумалык мөөнөттө:
- иш-чаралар планын белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бекитсин;
- иш-чаралар планында 2019-жылы Кыргыз Республикасында авиациялык-туристтик форумун уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелерди алдын-ала караштырсын;
- иш-чаралар планын иштеп чыгууда аэропорттук кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын пайдалануу менен эл аралык рынокто атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатуу максатында авиациялык каттамдар тармагын жана аэропорттун ишин өнүктүрүү боюнча чет өлкөлүк тажрыйбаны эске алсын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору ыкчам тартипте ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты беришсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине жүктөлсүн.
6. Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү ээлеген кызматынан бошотулгандыгына байланыштуу кеткен учурда, анын милдеттери жаңы дайындалган адамга өткөрүлөт.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасында "аба эркиндигинин бешинчи даражасы" укугун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуучу ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Бейшенов Жанат Саматович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы; |
Максат Дамир уулу | - | министрдин орун басары - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Омокеев Айбек Талгатбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы; |
Ногойбаев Жеңишбек Ашимкулович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары; |
Акышев Курманбек Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору; |
Казаков Данияр Болушевич | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Токтосунов Ахмет Токтосунович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары; |
Матмуратов Арзымат Топчубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин жарандык авиация жана суу транспорту бөлүмүнүн башчысы; |
Исанов Алмаз Насирдинович | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин инвестициялык потенциалды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Шырдакбаева Гүлнара Кубатбековна | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин тышкы байланыштар секторунун башчысы; |
Турсунбаев Бахтияр Турдубаевич | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун учуулар коопсуздугунун сапаты дирекциясынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Орозканова Назгүл Дөөлөталыевна | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун финансы-экономикалык дирекциясынын маркетинг жана коммерция бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Субакожоев Эльнар Турдубекович | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун коммерциялык кызматынын начальниги (макулдашуу боюнча); |
Насирдинов Таалай | - | "Kyrgyz Concept" туристтик компаниянын башкаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Комиссаров Владимир Анатольевич | - | Жибек жолу туризм ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча); |
Сапаров Нурбек Сапарович | - | "Кыргыз туроператорлор ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Шаршенбеков Эрназар Шаршенбекович | - | "ЖИА бизнес ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин туризм жана медиа боюнча комитетинин куратору (макулдашуу боюнча); |
Намазалиев Мирсулжан Базарбекович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ