КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 11-июну № 307
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 196 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Башкы штабынын башчысы Коомбаев Абдиш Абазович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын коллегиясынын курамына киргизилсин;
- коллегиянын курамынан Т.И.Бейшеналиев чыгарылсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |