Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 12-июлундагы № 213 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 17-июлу, № 375
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 4-августундагы № 333 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коллегиясынын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Кулмамбетов Жаныш Осмонович
| - Кыргыз Республикасынын Театр ишмерлер союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Акматалиев Абдылдажан Амантурович
| - академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору (макулдашуу боюнча);
|
Турапов Каримберди Ырысалиевич
| - Кыргыз Республикасынын эл артисти, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору;
|
- коллегиянын курамынан Б.С.Осмонов, А.Р.Рыскулов, А.Э.Мансуров чыгарылсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |