Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 11-июлу № 373
2019-жылдын жайкы эс алуу жана туристтик сезонун өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. 2019-жылдын жайкы эс алуу жана туристтик сезонун өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча оперативдүү штаб (мындан ары - оперативдүү штаб) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Оперативдүү штабга төмөнкүлөр жүктөлсүн:
- 2019-жылдын жайкы эс алуу жана туристтик сезонун өткөрүү мезгилинде коомдук укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу;
- 2019-жылдын жайкы эс алуу жана туристтик сезонун өткөрүү мезгилинде коомдук укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга тартылган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын күчтөрүн жана каражаттарын координациялоо.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери 2019-жылдын жайкы эс алуу жана туристтик сезонун өткөрүү мезгилинде коомдук укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда оперативдүү штабга көмөк көрсөтүшсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
2019-жылдын жайкы эс алуу жана туристтик сезонун өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча оперативдүү штабдын КУРАМЫ
Разаков Жениш Парпиевич | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, оперативдүү штабдын жетекчиси; |
Джунушалиев Кашкар Астаканович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, оперативдүү штабдын жетекчисинин орун басары; |
Опумбаев Орозбек Найманович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, оперативдүү штабдын жетекчисинин орун басары; |
Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, оперативдүү штабдын жетекчисинин орун басары. |
Оперативдүү штабдын мүчөлөрү: | ||
Жаманкулов Азамат Капарович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; |
Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Каратаев Мадамин Мусаевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Ногойбаев Женишбек Ашимкулович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары; |
Ибраев Акылбек Омукеевич | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Кирешеев Нурлан Исабекович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Исаков Курманбек Байдалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; |
Мамасадыков Султан Алайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Нуралиев Таалайбек Молдалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Абдылдаев Сагынбек Токонович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары; |
Жусуев Болот Аманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Жылкыбаев Узарбек Казиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кайыпов Аманбай Кайыпович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Мадумаров Акрам Камбаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Мураталиев Марат Молдонович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Осмоналиев Акылбек Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Намазалиев Алтынбек Абдисаламович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Суракматов Азиз Эмильбекович | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Сарыбашов Таалайбек Насирбекович | - | Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Назаров Айтмамат Кошоевич | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын башчысы (макулдашуу боюнча). |